Ал сага кубаныч, тынчтык жана жашоонун максатын берет.
«Кудай бул дүйнөнү абдан сүйгөндүктөн, Өзүнүн жалгыз Уулун берди. Кудай Аны Ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди» (Жакандын жакшы кабары, 3-бөлүм, 16-аят)
Ыйса: «Мен адамдардын өмүргө, ашып-ташыган өмүргө ээ болушу үчүн келдим», – деген (Жакандын жакшы кабары, 10-бөлүм, 10-аят)
Бирок бир көйгөй бар:
Биз айткан, кылган, алтургай ойлоп эле койгон бардык жаман нерселерди Ыйык Китеп «күнөө» деп атайт. Ыйык Китепте мындай жазылган: «Себеби бардыгы күнөө кетирип, Кудай ээ кыла турган даңктан айрылып калышкан». (Римдиктерге жазылган кат, 3-бөлүм, 23-аят)
Күнөө өлүмгө алып келет. Бул – денелик өлүм эмес, рухий жактан Кудайдан ажыроо. (Римдиктерге жазылган кат, 6-бөлүм, 23-аят)
Бирок бир жакшы кабар бар!
Биз бейиште Кудай менен түбөлүккө чогуу жашай алышыбыз үчүн, Ыйса биздин ордубузга курман болгон. «Машайак болсо биз күнөөкөр кезде биз үчүн өлдү. Бул аркылуу Кудай Өзүнүн бизге болгон сүйүүсүн далилдеди» (Римдиктерге жазылган кат 5-бөлүм, 8-аят).
Бирок Анын өмүрү өлүм менен бүтүп калган эмес! Ал өлгөндөрдүн арасынан тирилген жана азыр тирүү! «Ыйык Жазууда жазылгандай, Машайак биздин күнөөлөрүбүз үчүн өлдү, көргө коюлду жана Ыйык Жазууда жазылгандай, үчүнчү күнү тирилди». (Корунттуктарга жазылган 1-кат, 15-бөлүм, 3-4 аяттар)
Ыйса – Кудайга баруучу жалгыз жол! «Жол, чындык жана өмүр Менмин. Атама Мен аркылуу гана барууга болот, Менсиз эч ким бара албайт». (Жакандын жакшы кабары, 14-бөлүм, 6-аят)
Cилер ырайымдын негизинде, ишеним аркылуу куткарылдыңар, бул силерден эмес, бул – Кудайдын белеги. Эч ким мактанбашы үчүн, бул кылган иштерден да эмес! (Эфестиктерге жазылган кат, 2-бөлүм, 8-9 аяттар)
Куткарылуу – бул күнөөнүн жазасынан кутулуу. Ишеним сени Ыйса гана куткара аларына ишеним артууну билдирет. Ыйса Машаяктан башка эч нерсе – динчилдик да, сооп иштер да бизге түбөлүк өмүр бере албайт.
Cенин Ыйсага ишенишиңе эмне тоскоолдук кылат? Эч нерсе тоскоолдук кылбаса, анда сага азыр ушул жерде Ыйсаны кабыл алууну чечкениңди Кудайга айтууну сунуш кылабыз!
«Жараткан Кудай, мен күнөөкөр экенимди билем. Мен эч бир жол менен бейишке киргенге татыктуу боло албайм. Кетирген күнөөлөрүм үчүн, мени кечир. Ыйса менин күнөөлөрүм үчүн өлүп, жазаланып, кайра тирилгенине ишенем. Башка бирөө же бир нерсе эмес, жалгыз Ыйса Менин Куткаруучум экенине ишенем. Күнөөлөрүмдү кечирип, түбөлүк өмүрдүн белегин бергениңе рахмат. Оомийин».
СУРАНЫЧ, ТӨМӨНДӨГӨН БИЛДИРУУ ЖЕ ӨЗ СӨЗҮҢҮЗ МЕНЕН ДУА КЫЛЫҢЫЗ
Кудай, мен күнөөкөр экенимди билем. Мен бейишке татыктуу боло албайм. Кылган күнөөлөрүм үчүн кечирим сурайм. Мен Исанын менин күнөөлөрүм үчүн өлүп, менин жазамды алганына жана кайра тирилгенине ишенем. Мен Ыйса, башка эч ким же эч нерсе, менин Куткаруучум экенине ишенем. Менин күнөөлөрүмдүн кечирилиши жана түбөлүк өмүр белеги үчүн рахмат. Оомийин.